www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте

Фестивалга жүздөгөн кол өнөрчү, музыканттар, ашпозчулар, дизайнерлер жана башка чыгармачыл кесиптин өкүлдөрү катышмакчы.

Жыл сайын өтүп келген салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык "Оймо" фестивалы быйыл Бишкекте 24-июлда башталат. Бул тууралуу Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунан кабарлашты.

Ага ылайык, фестивалга жүздөгөн кол өнөрчү, музыканттар, ашпозчулар, дизайнерлер жана башка чыгармачыл кесиптин өкүлдөрү катышмакчы.

Алар Борбор Азия өлкөлөрүнөн, ошондой эле Индия, Монголия, Мексика, АКШ, Малайзия, Норвегия, Швеция, Кувейт өлкөлөрүнөн келишет.

"Иш-чарада 12 мамлекеттин сүрөтчүлөрүнүн эл аралык көргөзмөсү уюштурулат. Фестивалдын алкагында "Салттуу маданиятты чагылдырган мыкты инновациялык туристтик продукт" улуттук сынагы жана "Мыкты мастер" жана "Мыкты насаатчы" эл аралык сынактары өткөрүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Фестивалдын максаты – Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттардын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу. Андан сырткары, Ысык-Көлдү маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу.

Иш-чара 28-июлга чейин уланат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости