www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

КР УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 361-беренесинин 2-бөлүгү жана 337-беренеси (далилдерди бурмалоо жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишинин материалдарынын негизинде, 2023-жылдын 4-сентябрында Токмок шаарынын ИИБнын тергөө кызматынын мурдагы улук тергөөчүсү (азыр Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын  тергөөчүсү) С.Ж.А. кармалды.

Токмок шаарынын ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү С.Ж.А. анын өндүрүшүндө кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талаптарын одоно бузуп, эки жүргүнчүнүн өлүмүнө алып келген, жол-транспорт кырсыгын тергөөгө, ошондой эле далилдерди чогултууда шалаакылык менен мамиле кылган. Ошондой эле, жабырлануучу тарабынан келтирилген материалдык далилдер эске алынбай, процессуалдык нормалар бузулуп, кылмыш иши бир жактуу тергелүүгө алып келген.

Мындан тышкары, эксперт А.Ө. менен алдын ала сүйлөшүп алып, тергөө амалдарын бурмалоо менен, алар каза болгон адамга мүнөздүү болбогон кырсык учурундагы дене жаракаттарын көрсөтүшкөн.

2023-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Токмок шаарынын ИИБнын тергөө кызматынын мурдагы улук тергөөчүсү (азыр Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын  тергөөчүсү) С.Ж.А. кырсыктын күнөөкөрүнүн кызыкчылыгы үчүн далилдерди бурмалоо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жолу боюнча мыйзамсыз аракеттер аныкталган.

Кармалган С.Ж.А. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости