www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектептерде окуу китептери тартыш болуп, ата-энелер балдарына жок китептерди базардан сатып берип жатышат. Эң кызыгы мектепте жок деген китептер базарларда жык-жыйма болуп сатылып жатканына түшүнбөй, аң-таң болгондор көп. Мындан улам, ата-энелер кызыл кулактыкка нааразы болушууда.

Билим берүү жана илим министрлиги быйыл 1 млн. 278 миң нуска окуу китептери басылып чыгып жатканын айтып, бул эгемендиктеги эң чоң рекорд көрүнүш экенин жетине албай мактанып отурат. Социалдык тармактарда чыгып жаткан окуу китептеринин көбү орус, өзбек, тажик тилинде экенин, кыргыз тилинде нуска аз болуп, китеп тартыштыгы курч бойдон калып жатканын айтышууда.

Ошол эле кезде Билим берүү министри Каныбек Иманалиев: "Ар бир окуучуга 8 -10 китептен тийгенде Кыргызстанга 15 миллион окуу китептери керек. Мынча каражатты өлкө бюджети көтөрө албайт. Реалдуу карайлы"-деп билдирди.

Негизи эле Билим берүү министрлигин окуу китептери боюнча жүргүзгөн саясаты, ишмердүүлүгү чар жайыт башаламан. Окуучулар ар башка авторлордун китептерин окуп жатышат. Билим берүү жана илим министрлигинин бирдиктүү окуу программасына ылайык бекитилген системалуу планы жок. Жылда ар башка авторлордун китеби. Мектептер авторлор менен сүйлөшүп алышып өздөрүнө ылайыктуу делген китептерди сатып алууну ата-энелерге таңуулашат. Ортодо ошол китептерди басып чыгарып жаткан жеке басмаканалар акча туйтунушуп, ата-энелер каржылап кыйналып жатышса, окуучулар бир жылы башканы, кийинки жылы башканы окшуп мээлери айланууда. Ошол эле маалда окуу китептериндеги каталар, сабатсыздык, окуу программасына шайкеш келбеген, заман талабына, улуттун баалуулуктарына төп келбеген "дөөрүгөн" көрүнүштөр зээнди кейитет. Билим берүү жана илим министрлиги кайда карап отурат түшүнүп болбойт. Көзөмөл такыр жок. Ошол себептен дагы билимдин сапаты төмөндөп кетти.

Андыктан, тили сайраган менен реалдуу иши жок кооз сүйлөп акылдуу көрүнгөн Каныбек Иманалиев жогорудагы айтылган көйгөйлөрдү системалуу чечсе болмок.

Китеп жылына эле басып жатабыз деп акча жебей, канчанчы класстын кайсы окуу китептери жетишсиз экенин инвентаризация жасап, ошол китептерди басып чыгарып, ал китептер мектептин балансында кийинки окуу жылында окуй тургандай кылыш керек. СССР доорунан бери эле ошондой болчу. Эми ушуну жолго коюш кыйынбы?

Бул жерде Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептеринен акча жасаган схемага отуруп жан багып калышкан. Ошол себептен, жылына миңдеген окуу китептерин басып чыгарып мафия болуп бүткөн жеке менчик басмаканалардын "жемине" кызыкдар...

Мына ушуну министрдин чечкенге мээси жетпей жаткан жери жок. Болгону китеп мафиясынын туткунунан бошоп алкымын тыйганга "тиши өтпөй" жатат десек жарашат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости