www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен өмүр бою тээ союз мезгилинде чарбанын машинесин айдап жүрүп анан пенсияга чыктым. Өзүбүздүн айлана-чөйрөбүздөгү аймактардан мен барбаган жер калбаса керек. Жайкысын жайлоодогу малчыларга туз тартабыз. Ошону менен катар, жайлоодогулардын бардык муктаждыктарын жеткирип турабыз. Кышкысын тээ алыскы кыштоолорго жем, чөп, көмүр таратабыз. Ошону менен катар күнүмдүк азык-түлүктөрүн да жеткирип турабыз.
Бул мактаныч эмес, чындыгында биз болбосок чабандарга, дегеле бардык малчыларга жашоо кыйын болуп калмак. Ушуну менен эле чектелип калбайбыз, чарба жетекчилери бизди каякка жөнөтсө күндүн ысык-суугуна карабай, күн болсо күн, түн болсо түн кете беребиз.
Чындыгында айдоочулардын жумушу жеңил эмес, кээде жолдо бузулуп калган да мезгил болот. Жай мезгилинде го анча билинбейт, ал эми кыш убактысында жолдо ээн талаада бузулчу болсо ошондо азабын жейсиң. Темир муздак, ачкыч муздак, кээде колдо мээлейиң жок болуп калат. Машиненин алдына сойлоп кирип оңдоого туура келет.
Өзгөчө жаныңда өзүң менен кошо жүргүнчүлөр болуп калса жаман, өзүң үшүгөнүң аз келгенсип алар дагы үшүйт. Талаадагы чийлерди жагып жылынган күндөр болгон. Ошондой мезгилде ээн жерде бузулуп калсаң чөө, карышкырлар дагы жетип келген мезгил болот. Аларды от менен кубалайсың, андай окуялар өмүрүмдө көп эле жолу болду. Бирок алыска сапарга чыгып баратканда жаныңда сөзсүз бирөө отурат. Жырткычтардан кутулганда машинебизден бир нерсе табылат, айла кеткенде машиненин фарасын күйгүзүп, жандырабыз.
Булар анча деле эсте калаарлык нерселер эмес дечи, болгону турмушубуздагы күнүмдүк көрүнүш. Мындай окуялар жалгыз эле менде эмес, бардык эле айдоочуларда болот. Алар деле алыскы сапардан кайтып келишкенде, жолдогу көргөн кыйынчылыктарын баяндап беришет. Кудайга тобо деш керек, канча жолу алыскы сапарларда жүрдүм, бир гана окуя эсимде калды унутулбай. Кыштын болуп турган суук мезгили, кыраан чилдеси болчу. Алыскы кыштоолордогу чабандарга отун, азык-түлүк жеткирип кайра өзүбүздүн чарбабызды көздөй кайтып келе жаткам.
Айылдан эрте эле чыккам, жүктөрдү ар кайсы малчыларга жеткирип, түшүрүп кайра кайткыча эле айланага күүгүм кире баштады. Артты көздөй кайра жолго чыкканда айлананы караңгылык басып кетти. Мурун мени менен кошо бир-экөө сөзсүз айылга барганы машинеге түшүп алышчу, бул жолкусунда болсо бир дагы адам жок жалгыз кайтууга туура келди. "Сокурдун тилегени эки көз" дегендей, сен дагы жолдон ушундай кычыраган суукта бузулбаса экен деп тиленесиң, Кудай анын бетин ары кылсын дечи.
Эгер бузулуп калчу болсо жалгыз адамга кыйын эле болот жардамдашаар киши жок. Мен жолго чыкканда айланага кар жаап борошолоп жаңы баштаган. Уламдан улам ал акырындап күчөй берди. Эртерээк кээ бир жердеги коркунучтуу жолдордон өтүп кетейин деп машинемдин ылдамдыгын күчөтүп катуу айдап бараттым. Борошологон карды уңулдаган шамал коштоп, таптакыр эле айланада эч нерсе көрүнбөй калды.
Атүгүл беш кадам алды жактагы жол көрүнбөйт, машинени токтотконго болбойт, эптеп жарыкты күчтүү кылып берип божомолдоп алдыны карай жылып бара жаттым. Дагы жакшы бул жакта мурун көп жолу жүргөндүктөн өзүмдүн божомолум, баамым менен кете бердим. Кез-кез жолдон чыгып кетип таштарга урунуп, селкилдеп кайра түз жолго салып өтө эле кыраакылык менен айдап бараттым. Мындайда жаза тайып кетсең аварияга учурап калышың мүмкүн. Таштак жерлердин бардыгынан өтүп, анан түз жолго түшкөнсүдүм.
Борошолоп жааган кар да, шамал да кичине жайлагансыды. Мен болушунча газды басып ылдамдыкты күчөттүм. Анан кутулбөгөн жерден эле дал бет маңдайымдан баласын жетелеген чал пайда боло калды. Аларды кандайча байкабай калдым билбейм. Тормозду тепкенге да үлгүргөн жокмун, ошол катуу келаткан ылдамдыгым менен экөөнү тең сузүп кеттим. Экөө тең болгондо да машиненин тумшугуна урунушту. Бирок эч кандай урулган добуш чыккан жок. "Аа, өлдүм!" деп бакыра тормозду дароо тээп, рулду түздөөгө аракет кылдым. Мен өмүрү мындай кырсыкка учурап көргөн эмес болчумун. Дароо эле көзүмө түрмө элестеди.
Бир аз эсиме келе албай турдум. Анан акырын машинемден чыгып арт жагына жөнөдүм. Көзүмө кызыл-жаян болуп өлүп жаткан эки адам элестеп баратты. Кол фонарикти күйгүзүп машиненин алдын эңкейип карадым. Эч нерсе көрүнбөйт. Анан бүт айланасын карап текшерип чыктым, арт жагына да он-он беш кадамдай басып бардым. Дегеле өлгөн адамдын шеги жок. Эгер урган болсом аппак болгон кар кызыл-жаян болуп калат эле го. "Өх" деп акырындап жүрөгүм калыбына келди. Машинем дүрүлдөгөн боюнча от алып туруптур.
Бир аз отурдум да ордумдан козголдум. Кайрадан кичинеден ылдамдыгымды күчөтүп бараттым. Бир кезде алиги бала жетелеген чал жолдун чекесинде турса болобу. Жанындагы бала мага токто дегендей колун көтөрүп коет. Чочулап калган жаным токтобой өтүп кете бердим. Алды жактагы кырды аша бергенде айылдын электр жарыктары кадимкидей көрүнөт жаркырап. Жонго чыга бергенде алиги экөө кырда турушуптур, мен алардан мурункудай болуп чочулаган жокмун. Тек гана кишини урбай сот жообуна тартылбай калганыма ичимден жеңилдене аларды жылмая карап койдум. Ошондон бир саат өтпөй айылга кирип бардым.
Эртеси айдоочуларга түндөгү болган окуяны айтсам, башкалар деле экөөнү көрүшүптүр. Болгону алар түн ичинде гана көрүнөт экен. "Жай айдасаң көрүнбөйт, эгер аңды-дөңдү карабай катуу айдасаң көрүнөт. Сыягы, ошол жерде же жол боюнда экөөнүн сөөгү бар болуш керек. Же жөн эле көрүмчүдүр, дегеле ошол жерден машине менен жай өткөн жакшы, эч нерсе болбойт" деп Үсөн деген дагы бир айдоочу ал дагы көргөн-билгендерин айтып жатпайбы. Мен азыр пенсиядамын, көзүм дагы жакшы көрбөйт. Жаш кездеги ошол окуяны кез-кез түшүрүп коём. Бүгүнкү күндө алар эч кимге көрүнбөсө керек. Азыр жолдордун бардыгы оңдолуп, асфальтталып калган. Техника болсо аябай көп, - деп баяндаган башынан өткөн окуясын Нарын районунун жашоочусу Садыр Жумабеков "Шамбала" гезитине.
Булак: NazarNews.kg