www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлгөн шартта ар бир балага 50 000 (элүү миң) сомдон бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулун төлөп берет. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Бул жардам үй-бүлөлөргө эрте өнүгүү мезгилинде социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, үй-бүлөлөрдү социалдык-экономикалык колдоо, балдарды толук кандуу өнүктүрүү, алардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, алардын саламаттыгы, билим берүү, тарбиялоо, коопсуздук маселелерин чечүү боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Өкмөт социалдык коргоонун жана балдарды коргоонун институционалдык механизмдерин жакшыртуу иштерин жүргүзүп жатат.
Эскерте кетсек, үй-бүлөлөрдүн жетиштүүлүгүнө карабастан, бала төрөлгөндө бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөк пулу берилет.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, дайыма кам көрүүгө муктаж болгон балдары бар ата-энелерди колдоого алуу максатында «персоналдык ассистент» кызматы киргизилди. Бул балага үй-бүлөсүнүн курчоосунда калууга шарт түзөт, аларга айлык акы төлөө маселеси чечилген. Чечим 2019-жылдын 1-декабрында күчүнө кирет.
Булак: NazarNews.kg