www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: "Ээсин издеген кол"

Мадали колунан көөрү төгүлгөн жыгач уста эле. Айылда ал кишинин алдынан кыя өткөн жан болчу эмес, улуу - кичүү дебей "Мадакелеп" урматтап турушчу. Ал да өз баркын билгендиктен, анча - мынча кишини басынтып да койчу. 

Бир күнү эшик жасап жатканда аскерде чогуу кызмат өтөгөн теңтушу келип калып, ишин токтотуп, ага дасторкон жайып, арак - шарабын жайнатып сыйлайт. Досу шашылыш экен, бат эле узайт да, Мадали кайра ишине киришет. Бирок, алагүү кылган "ак молдо" аздык кылып, дасторкондо калган бир шише аракты жанына коюп алып, улам жүздөн ичип коюп иштеп жатып, кызып калат. 

Электр тогу менен иштеген араа станогуна жыгач араалап жатып мас неме колун араага оңбогондой эле алдырып, кансырап кулайт. Аялы Гүлжамал колунун жарааты жедеп ырбап кеткенде гана күйөөсүн догдурга алып барат. 

Врачтар консилиум жасап, устанын колун чыканагынан кесип салбаса аз өтпөй гангренага айланып кетерин белгилешип, аргасыз кол кесилип ыргытылат. Ооруканада жатканына бир ай чамалаганда Мадалинин түшүнө өзүнүн кесилген колу кирип, улам зекий берет:

"Мадали, мен сени канча бактым, а сен болсо менин кадырыма жетпей, мас болуп кестирдиң! ". Эки-үч түн өтпөй ал кол түшүндө ээсин бетке чабат. Жарым ай өткөн тушта экөө түн ичинде кадимкидей салгылашып чыгышчу болду. 

Ал үйүнө бир колу чыканагынан жок мунжу болуп чыгып барганда да кол анын артынан калбады. Дале түшүндө кыйнаганын койбой, атүгүл күчөттү. Мадали көп таяк жечү болду. Эртең менен чын эле бети - башы көгала болуп калмайы адатка айланып, ал жинди болуп кетпесем экен деп далбас уруп невропатологго көрүнсө, ал "түшүң - түлкүнүн куйругу, бар, бара бер, сопсоо элесиң" деп айдап чыгат. 

Бир күнү баягы кесилген колу тикесинен муштум түйүп:

"Мени догдурлар ыплас жерге ыргытып, көөмп коюшту. Тап. Таппасаң эми ийниме чейинкисин да алам. Чирийсиң! " дейт. Мадали:

"Жок дегенде болжолдуу дайынын айт" десе, кол айтып берет. 

Эртеси мунжу уста айыл молдосун, эки жигитти алып, түшүндө көргөн жол менен барып, таап, ырым - жырымын жасап көмүшөт. Ошондон кийин Мадалини кесилген колу кыйноого салбай, тынчып калат. 

Дүйшөмбү кызы Аксаткын

Булак: NazarNews.kg

Последние новости