www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мамлекет үй-бүлөдөн башталат” - деген таасын сөз бекеринен айтылбаса керек.

Дегеним, буга чейин келинчегим (бул экинчиси) экөөбүздүн чакан мамлекетибизде стабилдүүлүк бекем эле сакталып келген болчу. Балээнин баары  элге белгилүү куудулдар Абдылда Иманкулов менен Тынар Курбаналиевдин  МАИге байланышкан сатирасынан башталды.

Ушул сатираны көргөндөн кийин эле  “Ажо биз тараптан болот” дегенсип келинчегим мени кадимкидей теӊине албай басынта баштады. Анын минтип өзгөргөнүнө чыдай албай кыжырым кайнап: 

—Эй артист, сен деген ноокаттык болосуӊ. Качантан бери кара - кулжалык болгуӊ келип калган, ыя?! - дедим калчылдап. 

—Кандай айырмасы бар? Биз баары бир оштукпуз да. Демек, бийлик биз тарапта болгондуктан мындан кийин үй-бүлөнү мен башкарам, - деп келинчегим айтканда ичимден келме келтирип өзүмдү кармап калдым.  Андан кийин экөөбүздүн урушубуз бир топко чейин уланды. Акыры биздин урушубуздан маалымат алган кайнагам  кабагына кар жаап үйүмө кирип келип ого бетер ачуумду келтирип: 

—Эмесе кеп мындай.  “Кайсы жерде жашасаӊ, ошол элдин ырын ырда”-деген сөздү сен деле уксаӊ керек. Ошон үчүн көчөгө чыкканыӊда башыӊа калпак, үстүӊө куртка кийбей плащ менен шляпаны колдонушуӊ керек! - деди добушун бийик чыгарып сөөмөйүн кезеп. 

—Кандай?! Плащ менен шляпа кийгидей мен эмне кара-кулжалык бекем? Абайлап сүйлөсөӊүз...

Мен сиз айткандай башка жерде эмес эле өзүмдүн Кыргызстанымда, өзүбүздүн эле кыргыздардын арасында эле жашап атам,-деп кайнагамды жакасынан муунта кармадым.  Бир маалда келинчегимдин:

—Бул эмне кылганыӊ акмак?! - деп чарылдаган үнү угулганда  күтүүсүздөн чочуп ойгонуп кеттим.   Көрсө, баятадан бери түш көрүп аны мойнунан мыкчып кармап жатыптырмын.  Ага көргөн түшүм тууралуу айтып берсем каткырып: 

—Жинди десе! Интернетти көп караба деп какшасам эч укпайсыӊ. Укта десем болбой түн бир оокумда  интермедия көрүп жаттыӊ эле. Акыры айнымаксыӊ ушинтип,-деди ачыгын айтып мазактап. 

Ошол окуядан кийин интернет көргөндү азайтып, эртерээк уктаганды көнүмүш адатка айландыра баштадым.

“Боло берет турмушта. Особенно кыргызда”-демекчи, биздин турмуш ушундай...  

Булак: Нурислам Кабакбеков, NazarNews.kg 

 

Последние новости