www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдин көз алдында жүргөн белгилүү адамдардын эротикасына көп эле адамдар кызыкса керек. Бир жолу өзүмдүн Асылбек деген жакын таанышым мындай окуяга өз көзү менен күбө болгонун төмөндөгүдөй баяндап берген эле. 

-Мындан беш жыл мурда айылга 20 жылдык кечеге барган элем. Ошондо эстен кеткис бир окуяга өз көзүм менен күбө болгом.

Бул кеченин көркүн чыгаруу үчүн борбордон эки ырчыны атайын жалдап келген элек. Кеченин алгачкы күнү окуган мектебибизге барып мугалимдерибизге белек-бечкектерибизди берген соӊ аларды бир сыйра коноктодук. Эртеси күнү классташтар айылдын сыртындагы чоӊ суунун жээгине эки боз үй тигип черибизди жаздык. Ошондо күйөөсү менен мурда эле ажырашып кеткен классташ бир кызыбызга баягы эки ырчынын бирөөсү көз салып жатканын байкап калдым. Чындыгында классташыбыз аябай сулуу эле. Кеч киргенде эркек-дебей баары эле мас болушуп бири-биринин сөзүн укпай калышты. Ырчылардын бирөөсү болсо катуу чарчагандыктан өзүнүн машинасына барып уктамай болду.

А мен орто кызуу болсом да берки ырчыны акмалап жаттым. Жаӊылбаптырмын, бир маалда эле жанагы классташ кызым экөө көрүнбөй калды. “Бул экөө соо эмес болушу керек” деп ичимден күбүрөнүп алып аларды токойдун ичинен издеп жөнөдүм. Жалгыз аяк жол менен басып баратсам эле кулагыма эмнегедир жалынган үндөр угулуп кеткенсиди. Токтой калып жакшылап тыӊшап калдым. Экөөнүн үнү ого бетер жаӊыра баштады. Дүүлүгүп кетип уятты жыйыштырып тигилерди аӊдымай болдум.

Жолдун оӊ тарабына беш метрдей аралыкка басып барып жыш жайгашкан чычырканактын артын карасам жер төшөктү көк шиберге салып алып баягы ырчы классташ кызыбыз менен кумарга батып жаткан экен. Айдын жарыгында ырчынын кыймыл-аракети көзүмө даана көрүнүп турду. Экөө эс-учун жогото жыргап аткандыктан топон суу каптаса да тогото тургандай эмес. Өзүнүн “ишин” аяктаган ырчынын:

-Аялымдан тышкары шаардан көп эле кыз менен жаткан элем. Мынчалык ырахатка баткан эмесмин. Сеники өзгөчө экен. Кийин дагы жолугуп жүрөлүчү. Бул кече болбосо сени өмүр бою көрмөк эмес экем. Эгер аялым жок болгондо сага эле үйлөнүп алмакмын,-деген сөздөрүн укканда шок болуп ордумда катып калыптырмын. Анан өзүмө келип:

“Ой тобо. Белгилүүлөрдүн эротикасы ушундай болот турбайбы, көрсө” деп акырын шыбырап сүйлөнүп алып билмексен болуп классташтарымдын жанына барып калдым. Элге белгилүү ал ырчы классташ кызым менен кийин дагы көп эле жолу жыргаса керек. Анын бир гезитке чыккан маегин окуп алып күлгөн элем.

“Аялымды аябай сүйгөндүктөн тетири жолго баспайм” деп айткан сөздөрү бар экен берген маегинде. Азыр деле тойлордо бойдок келиндерге “движения” кылып жүрсө керек... 

А.ШАКИРОВ 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости