www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын май айынын аягында Казакстандын Нур-Султан шаарында Кытайды изилдөө боюнча борборунда Казакстан менен Кытайдын расмий өкүлдөрүнүн жана эксперттеринин жолугушуусу болгон. Бул жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстан Кытайдын карамагына кирип калган карта колдонулган.

Бул социалдык тармактардын колдонуучуларынын кыжырын келтирген. Алардын бири, Тилек Токтогазиев аттуу колдонуучу “Кытай эмитен эле Кыргызстан менен Тажикстанды өз аймагы катары эсептейт экен. Эң кыжырды келтиргени – бул Казакстан менен Кытайдын расмий жолугушуусунда мына ушундай карта колдонулганы” деп жазып чыккан.

Жакында болсо, Тилек Токтогазиев казак тарап расмий кечирим сураганын жазып чыкты: “Мага Кыргызстан менен Тажикстан Кытайдын карамагына кирип калган туура эмес карта колдонгондугу үчүн кечирим сурап Астанадан расмий кат жөнөтүштү. Бул иш-чарага жоопкер болгон борбордун Д.Мурадов аттуу кызматкери жумуштан айдалыптыр. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн ыкчам реакция кылганын белгилеп кетким келет. Силерге рахмат!

Бирок, туура эмес карталарды Кытайдын аймагында чыгаруу жана таркатуу боюнча маселе дале турат. Экинчи жолу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кайрылам, биздин аймактык бүтүндүгүбүзгө, көз карандысыз экендигибизге шек келтирген мындай процесстерге чара көрүшсүн. Мындай карталарды өндүрүүдөн алып салып, расмий түрдө кечирим сурашын талап кылабыз!”

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости