www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык арбитраж «Кутессай-II» жана «Калесай» кендерин өнүктүрүү боюнча түз чыгымдардын айрымдарынын гана жана соттук чыгымдардын бир бөлүгүнүн ордун толтуруу менен «Stans Energy Corp» жана ОсОО «Kutesay Mining LLC» компанияларынын Кыргыз Республикасына карата 6% азыраак доо талаптарын канааттандырды. Ошону менен бирге калган доо талаптарынан баш тартылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 2015-жылы «Stans Energy Corp» жана ОсОО «Kutesay Mining LLC» компаниялары Кыргыз Республикасынын бийлигинин 2013-2014-жылдар аралыгындагы «Кутессай-II» жана «Калесай» кендерин иштетүүгө берилген лицензияны токтотууга байланыштуу, мыйзамсыз делген аракеттеринин натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу талабы менен Кыргыз Республикасына каршы эл аралык арбитраждык процессти демилгелеген.

Иш боюнча угуу күнүнө карата 2018-жылдын апрелинде Париж шаарында (Франция) доогерлер тарабынан белгиленген талаптар пайызын эске алуу менен 304,23 млн АКШ долларын (чыгаша болду делген 128 млн АКШ долларын жана 175 млн АКШ долларынын тегерегиндеги айланма капитал тартуунун баасын кошкондо) түзгөн.

Ошентип, 2019-жылдын 20-августунда арбитраждык трибунал чечим чыгарган. Ага ылайык, доо талаптарынын суммасынан 6%га жакыны канааттандырылды. Тагыраагы 15 млн АКШ доллары жана 2014-жылдан берки 5% пайыздык үстөк.

Мындан тышкары арбитраж доогерлердин пайдасына соттук чыгымдарынын үчтөн экисин (үчтөн экиси 4 млн АКШ долларына чейинки каражатты түздү) төлөө чечимин чыгарды.

Чечимдин суммасы доогерлерге кенди өнүктүрүү боюнча кетирген айрым сарптоолорунун ордун толтурууга багытталган. Доогерлердин калган талаптарынан баш тартылды.

«Stans Energy Corp» компаниясы тарабынан арбитраждык чечим боюнча маалымат жарыяланган соң, Торонто биржа фондундагы (TSX) компаниянын акцияларынын баасы баанын төмөнкү көрсөткүчтөн бир аз жогорулашына чейин, 70% ашык (акциясына 0,090 канада долларынан 0,025 чейин) төмөндөгөн.

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн юридикалык консультанттары («King & Wood Mallesons» компаниясы) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү мындан аркы аракеттердин стратегиясын иштеп чыгуу үчүн алынган арбитраждык чечимди талдап жатышат.

Ошону менен катар кыргыз тарап «Кутессай-II» жана «Калесай» кендерин иштетүү укугу доогерлер тарабынан кызмат адамдарын паралоо жана паранын суммасын офшордук компаниялардын эсеби аркылуу «АзияУниверсал Банк» ААКга легалдаштыруу аркылуу алган деген позициясында калууда.

Мунун негизинде Кыргыз Республикасы доогерлер арбитраждык чечимди аткарууну каалаган кайсы мамлекетте болбосун аны таанууга жана аткарууга келтирүүгө каршы турууга ниеттенүүдө.

Ошондой эле белгилей кетсек, кыргыз тарапка каршы аталган компаниялардын доо арызы боюнча Канадада жана Россия Федерациясында көп жылдардан бери соттук жана арбитраждык соттошуулар болуп келген. Процесстер 2015-чи жана 2017-жылдары Кыргызстандын пайдасына аяктаган.

Эскерте кетсек, 2015-жылы Кыргыз Республикасы Москва шаарынын Соода-өнөр жай палатасына караштуу Арбитраждык соттун окшош доо арыздары боюнча «Stans Energy Corp» жана «Kutesay Mining LLC» компанияларынын пайдасына 118 млн АКШ долларын төлөө чечимин жокко чыгартууга жетишкен.

2016-жылы Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ишканасынын «Центерра Голд» компаниясындагы 300 млн АКШ долларына жакын суммадагы акциясын камактан чыгарууга жетишкен.

Россия жана Канадада болгон соттук териштирүүлөрдүн тарыхы боюнча маалымдама:

Бир катар соттук териштирүүлөрдүн жана тийиштүү кылмыш иштеринин натыйжасы катары 2013-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин жана «Kutesay Mining» ЖЧКнын ортосундагы 2009-жылдын 21-декабрындагы №1736-H-09 протоколу жокко чыгарылып, 2014-жылдын октябрында «Kutesay Mining» ЖЧКга №2488МЕ жана 2489М лицензиялары боюнча кенди иштетүү укугун токтотуу боюнча билдирүү жөнөтүлгөн.

Аталган компаниялар Москва Соода-өнөр жай палатасына караштуу Арбитражда арбитраждык процессти демилгелешкен. Мында 2014-жылдын июнунда чечим чыгарылып, көрсөтүлгөн компаниялардын пайдасына кыргыз тараптан дээрлик 118 млн АКШ доллары өлчөмүндө төлөм төлөө чечилген.

Бирок 2015-жылдын апрелинде Москва шаарынын Арбитраждык соту дээрлик 118 млн АКШ доллары өлчөмүндө төлөм төлөө чечимин жокко чыгарган. Доогерлердин жогору турган 4 сотко (Россия Федерациясынын Жогорку Сотун кошуп) жокко чыгаруу чечимине даттануу аракеттеринен баш тартылган.

2014-жылдын октябрында Канадада соттук процесстер болуп өткөн. Анда Онтарионун Жогорку соту 2014-жылдын октябрында «Центерра Голд Инк.» компаниясындагы «Кыргызалтын» ААКнын акцияларын камакка алган.

Бирок 2015-жылдын майында апелляциянын алкагында бул чечим кайра артка кайтарылып, 2017-жылдын июнунда Канаданын Жогорку сотунун чечими менен биротоло ырасталган.

Последние новости