www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Боорду ооруткан Боронов!

Өлкөдөгү көптөгөн мамлекеттик майлуу кызматтарды ээлеп, эки президенттин эптүү баласына, сүймөнчүгүнө айланып келе жаткан Кубатбек Боронов дегенди кимдер гана билбейт. Бийликке, өтө ыңгайлуу адам экенин көптөр деле билбесе керек. Тоң моюндугу менен тоботпос "бети" бар экени менен бийликке жагып, кара туман капшаптардан калканыч болууга дайым ушул кишини алдыга салып алышкан. ЖКтин комтети жыйындарында айыл чарба министри менен дал ушул Боронов эле тепкиге кабыла берээрин көрүп, буларды ушундан улам кызматтан кетирбей жүрөт го деген ой келе берет. Айтып атасыңбы, ыйлап атасыңбы Боронов бир былк этпей туруп, "бурк" этете же былтыйып унчукпай кутулат. Убаданы берген жагынан да жакшы. "Карап чыгалы, тийиштүү тарапка тапшырма берели, чечкени калдык" дегенди, декламация айткандай эле айтат. Чечкен бир маселени деле көргөн жокпуз. Ал жайдагы ажонун инисин көзү менен алаңдап карап, ал жактын тапшырмасын күтүп эле отурганы болбосо, өзүнө карата айтылган сын-пикирлерди желмогуз айтып аткандай эле көрөт. Мактагандарга манчыркап кубанып калганын көрсөң, жаш баланын жоругунай.

Мына ушул киши өткөн жыл үчүн иштеп тапкан кирешелир үчүн салык кызматына декларация тапшырды. Анын жылдык кирешеси 1 миллион 411 миң сомду түзгөн. Анын үйү жана батири дагы жок экен. Бирок, 380 миң 700 сомдук эмереги жана 166 миң 750 сомдук турмуш тиричилик техникасы бар болуп чыкты. Кубатбек Бороновдун туугандары былтыр эч нерсе иштеп тапкан эмес. Бирок, 620 миң сом коротушкан. Бороновдун туугандарынын турак үйү жок. Болгону ири мүйүздүү малы жана унаасы бар. Ишенсе болобу? Бул кишинин ӨКМда иштеп жүргөндө эле "өлө көп" былыктары тууралуу айтылып жүргөн эле. Сыягы, анын баары калп окшойт. Министрдин баары ушундай "ишетесе" не? Оңолбосок да ордубузда кармалып турганыбыз Бороновдор үчүн, оңбой баратканыбыз силер үчүн, "коррупционерлер". Кыскасы Боронов айлык маянага эле жашайт экен. Маладес. Боорубуз ооруп кетти. Бороновго эмес, элге...!

Булак: Факты.kg

Последние новости