www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанын жеген Жангарачева!

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейининдеги болгон "жылаңач" аялдардын көргөзмө иш чарасы коомчулуктун жакшы эле кыжырдануусун жаратты. Бул боюнча соц-сеттерде катуу талкууланып, кечээ маданият министрлигинин алдына митингке чыгышып, анда министрлик активистерди кабыл алып, Г.Айтиев атындагы музейдин директору Мира Жангарачеванын өз арызын жазып кеткендигин айтып, ал тууралуу тиешелүү тарап айтпаганын чон ката болгону менен түшүндүрдү. Бул тууралуу Мира Жангарачева эмне себептен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы боюнча түшүндүрмө берип, анда ал өзүн мекенчил деп эсептеген адамдар музейде уюштурулган феминналеге байланыштуу музейдин кызматкерлери менен иш-чаранын уюштуруучуларынын коопсуздугуна коркунуч жаратканын айтты.

- Мен кызматкерлерим менен уюштуруучулардын коопсуздугунан корком. Мен өзүмдү күнөөлүүмүн деп эсептегендиктен эмес, абалды курчутпаш үчүн арыз жаздым. Уюштуруучулар мага «жылаңач аял болот, ич кийимдерди илебиз» деп айтышкан эмес. Жылаңач аялды сайттан көрдүм. Ал эми ич кийимдерди биринчи күнү эле алдырганбыз" - деген Жангарачева, өзүнүн кызматтан кеткенине ичи ачышкандай, айыбын билбей башкаларга айып коюп:

"Бурулай өлтүрүлгөндө, 2-3-жаштагы балдар зордук-зомбулакка кабылганда «Кырк чоронун» мүчөлөрү каршы чыкпаганы мени таң калтырат" - деди ал. Бул жерде кимдердин жана кимдин митингге же көчөгө чыкканы маанилүү эмес, анын кылып жаткан жосунсуз жоруктары маанилүү болуп жатканын эстеп да койгусу келген жок. Ал ага чейин берген билдирүүлөрүндө, кызматтан кетүүгө ниети деле болбогонун айтып, түз жооп бербей, кылтактатып, табышмактаткан болчу. Кебетеси, министрлик аны кызматтан өз каалоосу менен арыз жазууга мажбурлады таризде болгон болчу.

Булак: Факты.kg

Последние новости