www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында заманбап жарыктандыруу технологиялары ишке киргизилүүдө. «Бишкек Парк» соода-оюн-зоок борборунун жанында «Project Vision Al» компаниясы тарабынан каржыланган долбоордун алкагында архитектуралык жарыктандырууну, энергия үнөмдөөнү жана санариптик инфраструктураны айкалыштырган инновациялык «акылдуу» прожекторлор орнотулууда.
Иштерди Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы координациялоодо. Орнотуу иштерин «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аткарууда. Бүгүнкү күнгө чейин сегиз көчө жарыктандыруу мамысы жана сегиз прожектор орнотулган. Жаңы жабдуулар заманбап системалар менен камсыздалып, кошумча кызматтарды көрсөтүүгө ылайыкталган. Прожекторлор күн панелдери, шамал генераторлор жана борборлоштурулган электр тармагы аркылуу иштеп, энергияны үнөмдөөнү жана автономдуу иштөөнү камсыз кылат.
«Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын адистери Wi-Fi тармагын туташтырып, жасалма интеллект элементтери бар видеокөзөмөл камераларын орнотушууда. Бул камералар келечекте «Коопсуз шаар» системасына интеграцияланат. Мындан тышкары, электр унааларын кубаттоо мүмкүнчүлүгү да каралган.
Долбоор шаардагы коопсуздукту жогорулатууга, ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө жана борбор калаанын коомдук жайларына заманбап санариптик чечимдерди киргизүүгө багытталган.