www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ала-Арча” жаратылыш паркынын кирешеси олуттуу өстү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров аталган жаратылыш паркындагы асма жолду расмий түрдө пайдаланууга берүү иш-чарасында билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, 2020-жылы парктын кирешеси 29 млн сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 262 млн сомдон ашты. Бул кирешенин дээрлик 9 эсеге өскөнүн көрсөтүүдө.
“Акыркы жылдары бардык мекеме-уюмдар толугу менен санариптештирүүгө өткөрүлгөнүн билесиздер. Бүгүнкү күндө ушул сыяктуу мамлекеттик мекемелерде накталай акча кабыл алынбайт, төлөмдөр электрондук форматта жүргүзүлөт. Бул чечимдер ачык-айкындуулукту камсыздап, адам факторун азайтып, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга бекем негиз түздү. Албетте, мындай жетишкендиктер жүргүзүлгөн системалуу реформалардын жана санариптештирүүнүн натыйжасында мүмкүн болду. Дегеле мунун баары мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруунун, тартиптин жана санариптик реформалардын түздөн-түз жыйынтыгы болуп саналат”, - деди президент.