www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 7-майда Бишкек шаардык сотунда 2010-жылы апрель окуясына байланыштуу күнөөлөнүп 20 жылга соттолгон,  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы  Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу аны абактан бошотуу маселесин карайт. Бул тууралуу “Назарньюс” сайтына генералдын  жубайы Гулнара Суталинова билдирди.

Анын айтымында, С.Суталинов азыр дарыланууда эмес, колонияда, эгер ЖАМКдан алып келишсе, ал сотко катышат.

Мурат Суталионовдун үй-бүлөсү, жакындары, бүгүнкү соттук отурум мыйзам чегинде каралып, генералдын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүсүнө үмүт этүүдө. Жарандык коом социалдык баракчаларында жазып, Суталиновду бошотулушуна тилектештигин билдирүүдө.

Эске салсак, 15-апрелге белгиленген соттук отурумга Суталинов абалынын оорлоп кеткенине байланыштуу жеткирилген эмес. Мындан тышкары, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү келбей калганына байланыштуу сот жараяны 7-майга жылган.

Муратбек Суталиновдун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу аны эркиндикке чыгаруу маселеси жарым жылдан ашуун убакыттан бери каралып келатат. Ленин райондук соту 15-февралда аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан чечим чыгарган.

Дарыгерлер Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткенин белгилеп келишет.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости