www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Бакыт Шаршембиев кармалды» деген маалымат - «атайын таратылган калп», деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы.

Маалыматка ылайык, аталган комитет муну 2019-2023-жылдарга карата жарыялаган «Санариптик Кыргызстан» концепциясын жаманатты кылуу аракети жүрүп жаткандагы менен байланыштырды.

Эске салсак, өткөн жумада, айрым ММКлар Шаршембиев пара менен кармалып, бирок кайра бошотулганын жазып чыгышкан.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет «Коопсуз шаар» долбоору боюнча жооптуу орган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости