www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл чөп кымбатпы?

Аймактардагы дыйкандардын айтымында жылдагыга караганда быйыл чөптүн түшүмү начар. Күндүн болуп көрбөгөндөй ысышы сыягы чөптөрдүн түшүмдүүлүгүн начарлатты.

Демек, аяктарда чөп кымбат. Ушул кезде тоолуу алыскы райондордо чөптүн экинчи чабыты аяктап, айрым жерлерде чабылуу алдында турса, кээ бир аймактар үчүнчү чабыгына белсенишүүдө.

Ушул тапта Ысык-Көл облусунда чөптүн экинчи чабыгы эми башталган. Ал тарапта бир түк чөп биринчи чабыкта 120 сомдон сатылса, эми 150 сомго бара турганын жергиликтүүлөр белгилешет. Талас менеи Жалал-Абадда чөп үч ирет чабылат. Аталган аймактарда чөптүн бир түгү 100 сомго бааланып жатса, Ош, Баткенде 80-90 сомдун тегереги экен. Чүйдө болсо нарк былтыркыдай, бир түгү 120 сомдон сатылып жатканын жергиликтүү тургундар айтышты.

Айыл чарба министрлигинин маалыматында. чөптүн баасы аба ырайына байланыштуу ар жылы улам өзгөрүп турат. Алсак, 2014-жылы бир түк чөп 350 сомго чейин сатылыптыр, - деп "Факты.kg" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости