www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду улуттук валюта менен берилген кредиттин пайыздык ченин төмөндөттү. Бул тууралуу аталган фонддун өкүлдөрү билдирүү таратышты. Ал маалыматта пайыздык ченди төмөндөтүү кичи жана чоң бизнес менен алектенген атамекендик ишкерлерди колдоо программасынын алкагында жасалат. "Улуттук валютада берилген насыялардын жылдык пайыздык чени 10 пайыздан 9 пайызга төмөндөйт.

Мындай жеңилдиктер айыл чарба, жеңил өнөр жай, машина куруу сыяктуу тармактарга берилет. Ошондой эле Бишкектеги туризм жана билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга багытталган долбоорлор үчүн дагы пайыздык чендер азайтылды. Мындан ары аталган долбоорлорго насыялар жылдык 11 пайыз менен берилет (буга чейин 12 пайыз болчу)", — деп айтылат маалыматта.

Ставкалардын төмөндөшү жаңы түзүлгөн насыялык долбоорлор үчүн гана иштейт. Кыргызстандыктар кредитти Россия-кыргыз өнүктүрүү фондусунун линиясы аркылуу бардык өнөктөш банктардан ала алат. Бул аракеттер абдан жакшы, бирок кол ийрисине тартып, жакын тууган, тааныш билиш аракеттер болуп берилген акчалар кайрадан эле капчыктуулардын колуна өтүп кетпесе экен. Буга чейин бул фонддун акчаларын айрым аткаминерлердин жакындары жаалдап акмалап, айрым чакан жана орто ишканалардан "жулуп" кетсек дегендей аракеттерде турушканы ачык эле билинген, - дейт "Факты.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости