www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алганда айтылды.

Президент Аппаратынын маалыматтык саясат кызматынын билдирүүсүндө, мамлекет башчысы ТИМ жетекчиси менен Кыргызстанда алдыда өтө турган эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы иш-чаралар боюнча маселелер, ошондой эле өлкөнүн тышкы иштер ведомствосунун алдында турган актуалдуу пландар менен маселелерди талкуулады.

Министр Чыңгыз Айдарбеков министрликтин Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиньдин мамлекеттик жана Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий сапарларына даярдык боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына даярдыктын жүрүшү тууралуу да айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бекитилген планга ылайык, белгиленген мөөнөттө алдыга коюлган маселелердин баарын өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости