www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 12-февралдан тартып борбор калаа Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштайт. Бул иш чаранын алдында даярдыктын жүрүшүн текшерүү үчүн 9-февраль күнү Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна барды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мониторинг борбору «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган жол кыймылынын эрежелерин бузуу материалдарын иштеп чыгуу менен алектенет, алар андан соң «Кыргызпочтасы» аркылуу унаа каражаттарынын ээлеринин катталган дарегине жеткирилет.

Өкмөт башчыга билдирилгендей, бүгүнкү күнү бардык даярдыктар талапка ылайык белгиленген мөөнөттө жүргүзүлүп жатат. Бардык материалдык-техникалык база даярдалган, тийиштүү окутуудан өткөн кызматкерлердин штаты түзүлгөн.

Мухаммедкалый Абылгазиев Мониторинг борборунун ишинин бардык баскычтары менен таанышты, жарандарды кабыл алуу бөлүмүн көрүп чыкты, мында жарандар менен иштөө уюштурулат жана «100» кыска номери боюнча тиешелүү маалыматты алуу үчүн бирдиктүү колл-борбор ишке киргизилет. Тийиштүү маалымдама маалыматтар Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтынын «Коопсуз шаар» бөлүмүндө жеткиликтүү болот.

Тутумдун долбоорду ишке киргизүүгө даярдыгы менен таанышкан соң, Премьер-министр долбоорду баскычтуу ишке киргизүүнү тапшырды.

«12-февралдан баштап аппараттык-программалык комплекстерди, мониторинг борборун, ошондой эле бузууларды каттоону ишке киргизүү кажет. Аныктоо, каттоо, жеткирүү жана айыппулдарды төлөөнүн бардык механизмдери так иштеп, жарандар үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу болушу керек», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. – Бул биздин өлкө үчүн өтө маанилүү жана масштабдуу долбоор, ал жолдордо коопсуздукту камсыздоодо бурулуш боло алат. Алдыдагы долбоорду ишке киргизүү – биздин узак жана көп күчтү талап кылган эмгегибиздин натыйжасы, биз анын бардык баскычтарынын ийгиликтүү ишке ашырылуусуна жетишүүгө тийишпиз»,- деди Өкмөт башчы.

Белгилей кетүүчү жагдай, борбор калаанын Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия, Фучик көчөлөрү менен кесилишинде, ал эми Чүй проспектисинин Бейшеналиева, Жаш Гвардия, Фучик жана Курманжан датка көчөлөрү менен кесилишинде камералар орнотулган. Мындан тышкары Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев, Абдрахманов, ошондой эле Москва — Абдрахманов, Горький — 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишине жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү камералар бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости