www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арадагы коррупция боюнча даттанган кызматкер Талгат Алановдун аракетине укуктук баа бериш үчүн анын айткандары Аскер прокуратурасына жөнөтүлөт. Бул тууралуу  Мамлекеттик чек ара кызматы  билдирди. 

Маалыматка караганда, Талгат Аланов өзү учурда кызматкер болгондуктан Куралдуу күчтөрдүн ички кызматынын уставын бузду. Устав боюнча Аланов алгач мекемедеги мыйзамсыз иштерди жетекчиликке же башка укук коргоо органдарына айтып кайрылышы керек болчу. 
“Аланов айткан маалымат чындыкка дал келбейт, ал мурдагы тийиштүү органдар аныктаган фактыларды айтып чыкты”,- деп ведомстводон билдиришти. 

Белгилей кетсек, 27-ноябрда Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек арага көзөмөл уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери Аланов маалымат жыйын өткөрүп, «Достук» чек ара көзөмөл өткөрүү бекетиндеги акча топтоо фактыларын мисал келтирген. 
Ал Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна мамлекеттер менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып турарын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин, кызмат орундары да акчага сатыларын айтып чыккан.

Бул билдирүүдөн кийин эле Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери да басма сөз жыйынын өткөрүп, Алановдун дооматтарын четке кагышкан. Мекеменин Ош облусу боюнча башкармалыгынын штаб башчысы Адылбек Сейдалиев «акча чогултулат» деген сөздөр жалган экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости