www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Солто элдин тогу, саяк элдин шогу, сарбыгыш менен бугунун барынан жогу” -деген сөз бар. Бул сөздү тарыхты билбеген Кыяз Молдокасымов сыяктуу ким президент болсо ошону даңазалаган бирөө чыгарган. Солто ток азыр да ток, саяк шок азыр да шок, бирок тарыхты жакшы аңдаган киши болсо  бугу менен сарбагыш бир эле атадан Сарбагыштан тараганын биле жүрүүсү керек. Тагай бийдин тону жок балдарынан Богорстан, Кылжыр сыяктуу балдары калган. Кылжырдан Орозбакты, Дөөлөсбакты, Орозбактыдан: Алсейит, Тынымсейит, Дөөлөстөн да эптеп тукум калган, ошолор коркунучтуу.

Күзүндө парламент келет, иш жүрө баштайт.  Атамбаев “чимкирик” парламент деп баа берген. “Чимкирик” парламент күзүндө мурдун аарчып келеби же кайрадан “чимкиригин” чубатабы:

  1. Бийликти колдой турган да, өз партиясы да жок. Чечүүчү добушту бийлик чечет. Азыркы бийлик өз партиясын түзөт же бирөөнө жамынат. Атамбаевдин “чимкирик” парламентинде бийлик таяна турган партия жок. СДПК экиге бөлүндү, башкысы түндүк электоратын алган бул партия ишенимден ажырады. Анын кол баласы “Кыргызстан” азыркы бийликке кол бала болушу ыктымал. ”Бир бол”, “Өнүгүү”, РАЖ булар өз мекенин кааласа күрддөргө сатып ийе турган Бабановдун жасалма партиялары. “Ата-Мекен” Текебаевге байланыштуу, 9 пайыздык тосмодон өтө албай калышы мүмкүн, булар мурун деле араң өтүшчү, Болот Шерниязовдун батасы менен. Болот байке эми кимге бата берерин билбей калды, “Ата-Мекендеги” Садык инисинеби же “Кыргызстандагы” Баткен инисинеби? Болот Шерниязовдун шайы оогон соң “Ата-Мекендин” да шайы ооду.
  2. Бийлик чыгат, бирок “Улуу журт” сыяктуу партияга кошулбаш керек. Анткени, Адигине деген кошоматчылардын баары “Улуу журтка” кошулуп алышты. Эмне Адигинеден башка кыргыздар жок бекен?
  3. Жаңы партиялар түзүлүп жатат. Эгер бийлик жаңы партия түзсө, ал деле “Алга, Кыргызстан”, “Ак Жол” же СДПКнын кейпин киет.
  4. Жаш кезинде кыздарды жакшы көргөн Төрөбай Зулпукаров деген бар. Эми бул деле элүүнү этектеп калды. Партия түзүүгө далалаты бар. Эми жетилип калды, кыздарды унутуп партия түзсө ушул партия бийликтен колдоо алышы мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg

Последние новости