www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсан АЛИ  МАСты бошотуп иймек...

Кой-Ташта болуп өткөн окуяларга сереп салып, башты тоголотуп отуруп, чайкана ушактын башкы кейипкерине айланган генерал Курсан Асановдун ошондо жасаган ар бир кадамы жөндөн жасалбагандыгына ынанууга туура келет.

Колго түшүрүү, башасынын колунан келбейт эле деген жөө жомок да аралап кетти эл ичин. Акетай, АЛИ МАСтын үйүн, короосун "тазалап" чыккан соң, тиги МАС кайда бармак эле... Айла куругандагы акыркы жандалбас бир "атың чыкпаса жер өрттө" болду да калды. Анын үстүнө андан бир күн оболу да Курсан ушул жерде болуп, кала берсе сүйлөшүүгө кирип, түнкү саат 2лерде күч түзүмдөрүн алып чыгып кеткен туткундардын тагдырын МАСтын колуна тапшырып салып. Бул деген "согуш талаасын" таштап качып кетүү деген эле сөз. Мүмкүн ошол түнү ымалага келишип (балким мурунтан шилекей алышкандыр) "убакытты созуп тур, эртең 16.30да Ак үйдү басып алам..." дегенге катуу ишенгендир, кандай болсо да генералдын МАС менен байланышы түздөн-түз болгондугун жашыра албайсың. Кызыл баштыкча муну таасын көрсөттү... 

Курсан АЛИ МАСты сыртка алып чыккандагы баштык операциясын баары көрүштү, кызыгы, ошол оор баштык негедир унаада баратканда "тазаланып", керектүүлөр башка сомкеге салынгандан кийин гана кагаздар бар экен дегендей берилип калганы бар. Болбосо, баары генерал айткандай болсо не үчүн генералдын кызматкери кызмат абалын уруп коюп, изин жашырып кетип, ушул азыр да табылбай жатат. Издөө салгандан кийин табылат дечи... Ошондо калптын баары калкып чыкканда, кимиси уят болор экен...

Мүмкүн, изиңди кетмендеп сыртка чыгууга далалат жаса..., жолдору мына... деген көрсөтмө болгондур. Ошон үчүн генерал "акыйкаттан" сөз айтып туру.

Бир божомол менен АЛИ МАСты Курсан өзү отурган унаага салып, алып жөнөмөк. Мына ошондо жол ката басмачылар тосушуп, колбашчысын, бошотуп кетишмек. Курсан болсо кармашып жаткандай түр менен, келтек жеген генералдай "баатыр" болмок. Тилекке каршы, алардын "АЛИБАБА" планы ойрон болуп, АЛИ МАСты таптакыр башка унаага жүктөшүп, таптакыр башка жол менен алып жөнөшкөн. Бир сөз менен генерал Курсан Асанов бир кезде тажиктердин башын ооруткан полковник Худойбердиевдин жолун кайталады сыягы. Чын эле, "атың чыкпаса, жер өрттө!", андан да тагыраагы "кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет", деп "КабарИнфо" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости