www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында мекендештерине жана депутаттарга кайрылып жатып минтип баса белгилеп айткан: "Мамлекеттик органдардын бизнеске мамилеси оңолмоюнча элдин бийликке болгон ишеними болбойт. Ошондуктан мен дагы бир жолу кайталап айтам, бизнести негизсиз текшерүү жана алардын ишине кийлигишүү токтош керек."

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЖИА бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуп жатканда "Мамлекет бизнестен көз каранды экенин моюнга алуу керек, себеби анын натыйжалуу ишинен көптөгөн социалдык маселелердин чечилиши көз каранды. Өкмөт бизнес-коомчулук менен биргеликте бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн жана ишкер чөйрөнү жакшыртуунун үстүндө иштөөнү улантат.”

Сузакта чиновниктер менен жолугушуп жатып Президентибиз акимдерге, айыл өкмөттөрүнө, санитардык эпидемиологиялык көзөмөл жетекчилерине, экологиялык техникалык көзөмөл кызматтарынын жетекчилерине “Бизнеске тийбегиле! Бизнеске шарт түзгүлө, ишкерликти колдогула!” деген тапшырма берген. Бирок тилекке каршы Ысык-Көл районунун аймагында Президентибиз жана Өкмөт башчыбыз декларация кылган саясатка түздөн-түз карама-каршы келген саясат жүргүзүлүп жатат. Ысык-Көл районунун администрациясы, санитардык-эпидемиологиялык кызматынын, экологиялык-техникалык көзөмөлдүн жетекчилери ишкердикти колдомой тургай кордоп жатышат.

Азыркы маалда Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын чыгыш бөлүгүндө баш-аламан көчө соодасы күч алды. Сезон убагында шаарга келген эс алуучуларга ыңгайсыздык жаратып, эл баса турган тротуарларда, ар кайсы булуң-бурчтарда, топурак, чаң аралаш жайларда соода кылгандардын саны күндөн-күнгө арбып бара жатат.

Ошол эле учурда Чолпон-Ата шаарынын күн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан баш аламан көчө соодасын тартипке салып, нормалдуу соода кылууга ылайыкталган “Эл Нур” базары райондук администрациясынын, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, экологиялык техникалык көзөмөлдүн жетекчилеринин кысымы алдында, ачылбай жабык турат. Элдер антисанитариялык, эс алуучуларга ыңгайсыздык алып келген, жол коопсуздугун, экологиялык жактан коопсуздук жараткан көчөлөрдө соода кылып жатышат, ал эми санитардык, экологиялык-техникалык, өрт коопсуздугуна жооп берген базар жергиликтүү бийликтин кысымы менен жабык турат.

Ысык-Көл районунда райондук бийлик тараптан бизнеске болгон мамиле оңолбой жатат! Элдин мамлекетке болгон ишеними күндөн-күнгө алсырап бара жатат. Эмне себеп дегенде региондогу акимдер, ар кандай кызматтардын башчылары Президенттин, Өкмөт башчысынын элге жарыя кылган саясатын ачыктан-ачык саботаж жасап жатышат. Кайсы нормалдуу мамлекетте санитардык нормаларга жооп берген, экологиялык-техникалык коопсуздукка жооп берген, соодагерлерге ыңгайлуу шарты бар базар турса, ал базарды жаап салып, элин көчөдө соода кылдырат? Кайсы нормалдуу мамлекетте элин чан, топурак, антисанитарияга кубалап чыгып коюп, нормалдуу шарты бар базарды жаап салышып, чоңдору койкоңдоп жүрөт? Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын башчысы Мамбетов менен кезиккен убакта “Эл ушинтип көчөдө, антисанитарияда соода кылып жатат, 2019-жылдын 25-мартында берилген, санитардык врачтардын базар санитардык нормаларга жооп берет деген актысы бар да, базарга эле киргенге уруксат берип койбойсузбу?” десек, “Мен көчөдө соода кылгыла деп элге уруксат берген эмесмин, мен аларга жооптуу эмесмин!” деди.

Элдер санитардык нормалар такыр сакталбаган көчөлөрдө азык-түлүк, жер-жемиш, тамак-аш сатып жатканына ал жооптуу болбосо ким жооптуу болот? Санитардык нормаларга жооп берген базарга элди соода кылууга уруксат бербей, элди булуң-бурчта соода кылдырып жаткан ал жоопкер болбогондо анан ким жоопкер болот? Шаардагы саламаттык сактоо тууралуу мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөбөсө анда эмнеге ал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын башчысы болуп жүрөт? Мамлекеттен айлык алып, ар кайсы ишканаларды барып текшеримиш болуп пара алып жүрүш үчүнбү? Шаардагы санитардык абалга ал жооптуу болбосо, ким жоопту болот?

Мамлекетке салык төлөп пайда алып келе турган базар жеке кызыкчылыктардын негизинде жабык турат. Мамлекетке расмий түрдө салык төлөп, шарты бар базарда соода кыла турган соодагерлер көчөлөрдө көмүскө соода кылып жатышат. Жүздөгөн кишилерге жумуш орундарын түзүп берип, миграция, социалдык маселелерди жеңилдете турган базар бүгүнкү күндө жабык турат. Райондук администрация болсо буга көз жумуп келе жатат. Көз жумуп кана койбостон базардын ачылышына болгон аракети менен бөгөт кылып жатат.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, Мухаммедкалый Дүйшекеевич сиздерге Чолпон-Ата шаарынын тургундары кайрылып жатабыз. Биз сиздерден үй, жер тилкелерин, көл жээктен жер, пособие же пенсия сурап кайрылып жаткан жокпуз. Биз сиздерден жан багууга мүмкүнчүлүк берүүчү жумуш орундарын ачылышына көмөктөшүп берүүңүздөрдү суранып кайрылып жатабыз. Кыргызстанда карапайым эл да, ыңгайы бар базарда соода кылып жан багууга акылуу деп ишенебиз. (http://Бакы Кайып)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости