www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Солтон-Сарыдагы чырды элге түртө салууга болбойт. Бул жерде Жогорку Кеңештин кен байлыктары боюнча комитетинин жетекчиси Кожобек Рыспаевдин, Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыповдун чоң эмгектери бар. Алар суук колдорун матырышып кытайлык "Zhong Ji Mining Company"  компаниясына 10 пайыздык үлүшкө отурушкан. Эмне үчүн алардын бул былыктары айтылбай карапайым-калкты коркутуп жатабыз?

Эске сала кетсек, аталган кен-байлыкка ээлик кылган “Юр-Азия в Кыргызстане” компаниясы 2004-жылы катталган. Бул кадимки эле жаз айында чуулгандуу уран кенин казып баштаган компания. 2010-жылы компания алтын кенин чалгындоо өткөрүүгө уруксат алып, 2011-жылы геологиялык чалгындоого лицензия алышкан. Ал убакта Кайрат Жумалиев министр болчу. Ошол эле жылдын май айында аталган компания Кызыл-Омполдогу уран кенин чалгындоого дагы лицензия алып, ага министр Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы Чунуев лицензиялык макулдашууга кол коюп, мөөнөтүн узартып берген. Акыркы жолу аталган кен-байлыкты казып иштетүүгө Зилалиев кол коюп, толук укук берген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости