www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ар бир адам учурда бирөөнү жаткыра чапкан адамды же билегинде күчү бар адамды баатыр деп билишет. Бирок, баатыр адам бирөөнү өлтүрүп же бирөөнү сабап койгон менен чектелбегенине баам салсак болот.
Эмесе убагында эл оозуна алынган, чыныгы баатыр аталган Төрөгелди баатырдан бир акылман киши теңтуш катары сураган экен.
-Төрөгелди сени баатыр-баатыр эле дейт, жеке өзүңдүн оюңда канча жолу баатылык кылдың?-деп сураганда Төрөгелди баатыр минтип жооп берген экен:
-Мен найзага түшүп каршы чыккан кишини сайып түшкөндү же жылкы тийип келип байып кеткенди, бирөөнү аттан түшүргөн кишини “баатыр” деп эсептебейм. Мен канчалаган кандуу окуяга катыштым. Канча кишини аттан түшүрдүм, жылкы тийип келип, элге бөлүп бердим. Менин ал кылган иштерим баатырлыкка жатпайт. Ушунча жыл жашап өзүмдүн билишимче мен үч гана жолу баатырык кылдым деп ойлойм. Бул сөздү уккканда теңтушу дароо суроо берип калды, Төрөгелди баатыр өзү айтканча болбой:
-Кандай үч эрдик кылдың эле?-деп. Төрөгелди баатыр берилген суроого минтип жооп берип баштады:
-Биринчи баатырлыгым жаш кезимде котур болдум. Ошондо кийимимди чечпей, бир тырманбай үч ай чыдадым. Анан үч айдан кийин кийимимди чечкенде, бир кат терим шыпырылып түштү. Ушул кылган ишимди биринчи баатырлыгым деп эсептпейм.
-Экинчи баатырлыгым, суу сугарып жүрүп чарчап кеткен жаным суу жээгине уктап кеткен экенмин, бир кезде төшүм муздаганынан ойгонуп кетип акырын карасам төшмүдөн өйдө карай жылан сойлоп келе жаткан экен. Чочуп кетпей акырын оозумду ачсам, жылан оозума башын салган кезде, көзүмдү жумуп туруп башын тиштеп туруп чайнап жеп салдым. Анан ошол жыландын башын сууга жатып сиңирип кеткем. Муну экенчи баатрылык деп ойлойм.
-Үчүнчү баатырлык деп бир курдай болуштун торпоктой болгон дөбөт ити чуркап келип мага тиш саларда мурдунан карыштыра кармап, думутуруп салгам. Ушул кылган ишимди дагы бир баатырык деп ойлойм. Ал эми бирөөнү көтөрүп чаап же мурдун каната койгон бул баатырлыкка деле жатпайт –деп айтканда бул сөздү уккан теңтушу ушунчалык Төрөгелди баатырдын чыныгы баатырлык кылган ишитерине ыраазы болгон экен. Андыктан өкмөттүн акчасын уурдап, байып жол тандабасты минип чалкалап калган дагы баатырлыкка жатпайт. Адам сабырдуулук кылганда жана кыйынчылыкка чыдап көтөргөндө гана аны баатыр деп айтсак жарашат – экен.
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg