www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн шаршемби, 20-февраль күнү Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбековду «ээрден оодарам» деген депутаттардын аракети текке кетип, төртүнчү жолу «мыш» болду.
Далыдан бычак уруп, «кутум» уюштурган Шаардык кеңештин «котур таштуу» депутаттары, мэрди ээрден кулатууга керек болгон 21 добушту чогулта алышпаптыр. Жыйынга катышкан 28 депутаттын тогузу калаа башчысынын кетишине каршы чыкты. Ошентип, депутаттын 18и күлгө чапкан «немедей» бозала болуп, мэрдин алдында уяты чыкты.
Эми булардын бетинде кызылы, көкүрөгүндө «намыс, абийир, уят» деген түшүнүктөрү бар болсо, мандаттарын тапшырып, «чилдей тарап» кетиши керек го.
Таластын намыссыз депутаттары мандатын таштап басып кетсе эркекче кадам болбойт беле, иттики!
Булак: “Де-Факто”