www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Срочно! Бул көрө албас, ичи тарлар мэнин кэче күнү эле ютубка жаңы чыккан дүйнөлүк таланттар шоусундагы видеомду өздөрү жүктөп алып, кайра өздөрү өчүрүп салыптыр”, -деп жакында эле өзүн “Күчмен” деп атаган “Чыпалак баатыр” каймана аттуу Зарылбек Аликенов билдирди.

Анын билдирүүсүн өч өзгөртүүсүз, оңдоосуз төмөндө беребиз:

“Срочно! Чындык! Бул көрө албас, ичи тарлар мэнин кэче күнү эле ютубка жаңы чыккан дүйнөлүк таланттар шоусундагы видеомду өздөрү жүктөп алып, кайра өздөрү өчүрүп салыптыр. Булар мени ойлошкон го, номер бир атаманы болуп кетпесин, дүйнө жүзүндө болбосун ушул деп, дароо өчүрүп салышты да. Өздөрүнүн ютуб каналынан.

Менин видеом рэкорд коюп, 13 саат ичинде эле 80 миң просмотр болгон болчу, анан мындан 1 саат мурун эле карасам өчүрүп тынышыптыр. Эгерде өчүрбөгөндө миллион просмотрга жетип ашып түшмөк, мындай жакшы темптэ. Емне дэмекчимин аман эле болушсун.

Тигилердин ютуб каналынан өчтү. Көрө албас, ичи тарлыктын айынан.

Бул чындыкты бөлүшүп коюуңздар!

Эми бул видеомду “Kuchmen TV” ютуб каналдан көрүңүздөр!”, -дейт “Чыпалак баатыр”.

Эске салсак, ал NazarNews.kg маалымат агенттигине “Мен да жакында болуп өткөн Казакстандагы “Талент шоуго” барып катышкан элем. Калыстар тобу мен жасаган трюктардан коркуп калыстык баа бере алышкан жок. Коркунучтуу трюктарды жасагандан өлсөм башында эле өлүп калмакмын. Анда мен жасаган трюктардан калыстар иттей корксо эмне үчүн биринчи турдан өткөрөт. 500дөй таланттуулардын арасынан 2 турдан суурулуп чыгып, финалга келгенде Ситора мага көзүн алайтып, Гүлнур Сатылганова эжебиздин “кнопкасын” басып коёт кыжырды келтирип. Ситорага иттей кыжырым келди, мен үчүн коркпой эле койсун”, -деп билдирген эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости