www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ири өлчөмдөгү пара менен кармалып соттолгон Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Насирбек Алмаматов куйругун түйдү. Аны эч ким таппай жатат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын март айында Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Насирбек Алмаматов пара алып жаткан жеринен кармалган. Октябрь райондук соту аны 12,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ал эми бул ишти Бишкек шаардык соту карап жатканда, айыптоочу болгон прокурор негедир ага айып пул салууну суранып чыккан. Ошентип, Бишкек шаардык соту менен прокурордун “жардамы” аркылуу Алмаматов 3,3 миллион сом айып пул төлөө чечими менен сот залынан бошотулган. Бирок, 30-октябрда бул ишти караган Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чечимин бузуп, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Алмаматовду кайрадан камакка алуу үчүн анын үйүнө барган милиция кызматкерлери коёндун сүрөтүн гана табышкан. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин маалымат кызматкери Айбарчын Батырбекова NazarNews агенттигине милиция кызматкерлери Алмаматовду издеп жатышканын билдирди. Анын маалыматына караганда, Алмаматов азырынча кармала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости