www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында, тактап айтканда, 2-ноябрда “Түрмө кызматкерин кылмышкерлер сабап салышты” деген темада видео тараган. Айрымдар видео Жаңы-Жердеги №19-түрмөдө тартылган деп чыгышкан.

Бул боюнча маалымат сурап биз Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылганыбызда,  аталган ведомствонун басма сөз катчысы Элеонора Шаршеналиева төмөнкүчө жооп берди:

- Кайсы өлкөдө тартылганы тууралуу так маалыматым жок, бирок бул видео Кыргызстандын түрмөлөрүндө тартылган эмес. Видео интернетке таркаар замат адистерибиз аны көрүп чыккан. Андагы кадрлар Кыргызстандагы түрмөлөрдүн биринин да имаратына окшобостугун аныкташкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости