www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) жөнүндө Мыйзам жеке сектор үчүн тоскоолдуктарды кыскартат», — деп баса белгиледи КР Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан кол коюлган «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына комментарий берип жатып.

Данияр Иманалиев өзгөртүүлөр жеке өнөктөштү тандоо процедурасы жана ошондой эле долбоорлорду кароо мөөнөттөрүн оптимизациялоого таандык болорун белгиледи.

«МЖӨ долбоорлорун түзүүдө ишин оптималдаштырууга көмөктөшчү ири жана кичине болуп бөлүнгөн. Мындан тышкары МЖӨ долбоорлорун колдонуу тармактарын кеңейтүү жаатында өзгөртүүлөр киргизилди», — деп айтты ал.

Санариптештирүү маселелери боюнча Данияр Иманалиев электрондук башкаруу жаатында МЖӨ механизмдерин колдонуу менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болгонун баса белгиледи.

Мындан тышкары, МЖӨ долбоорлору боюнча финансылык жана банктык тармактарга өзгөртүүлөр киргизилип, мамлекеттик колдоо чаралары күчөтүлдү.

«МЖӨнүн долбоорлору үчүн уруксат документтерин тез арада, ашкере административдик тоскоолдуктарсыз алуу учүн мамлекет тарабынан көмөк көрсөтүү сунушталууда», — деп айтты Данияр Иманалиев.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча көз карандысыз эксперт Гүлнара Каликова белгилегендей, 2012-жылы буга чейин кабыл алынган МЖӨ жөнүндө мыйзам бир катар кемчиликтерге ээ болгон.

«Каталары көп болуп, процедуралар татаал эле. Жаңы мыйзамды даярдоого эки жылдай убакыт кетти», — деп айтты ал.

Гүлнара Каликова МЖӨ мамлекеттин жеке ишкерлик менен аракеттенишүүсүнүн механизми катары баарынан мурда коомдук инфраструктураны: жолдорду, ооруканаларды, мектептерди, маданий объектилерди жакшыртууга багытталганын баса белгиледи.

Ал МЖӨ жөнүндө жаңы Мыйзамдын алкагында мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана ишкерликтин өкүлдөрүнүн билимин жогорулатуу жана окутуунун маанисин баса белгиледи.

 

 

Последние новости