www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атайын кызмат тараткан билдирүүдө "«New TV» жана «NUR TV» телерадиокомпанияларынын жетекчилери Шакиев Нурланбек Тургунбекович жана Келдибеков Бекболот Ахматбекович профилактикалык маекке чакырылды. Аларга чагымчыл видеону жайылтууга жана коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге тыюу салынары тууралуу расмий эскертүү берилди" деп айтылат.
Курманбек Бакиевди даңазалаган тасмаларды көрсөткөн эки телекомпаниянын жетекчилери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакыртылды. Бул тууралуу 1-августта мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
УКМКнын маалыматына караганда, алар "түшүнүү менен карап", мындан ары "андай кайталанбастыгына милдеттенме алышты".
Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.
1-августта ал 70 жашка толду. 30-июлда «New TV» жана «NUR TV» телеканалдары аны жактап, 70 жылдыгы менен куттуктаган тасмаларды көрсөткөн.
Шакиев Бакиев президент болуп турганда анын басма сөз катчысы болгон. Шакиев суроолорго жооп берип жатып ал "Бакиев жөнүндө тасмага тиешебиз жок, бирок аны көрсөтүүнү туура көрдүк. Саясий да, коммерциялык да максатыбыз жок" деп айткан. УКМК бул боюнча 31-июлда оозеки эскертүү тараткан
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»