www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 8-июнь күнү өзүнө таандык болгон “Форумдун” алдында митинг өткөрүп, парламент депутаттарын дагы бир жолу “чимкирик” деп атады. Мурунку президент азыр “чимкирик” деп атап жаткандарды өзү көз салып, парламент босогосун аттатканын эске алганда, “чимкириктердин” атасы өзү болуп калат да. “Чимкириктер” бул жолу катуу чычалап, мурунку атасына катуу жооп кылышты. Ким эмне деп сүйлөгөнү тууралуу кыскача берип турабыз.
— Сегизинде экс-президент Атамбаев дагы айтып чыкты, мен мамлекетти минтип коёмун, депутаттар мындай, төрага баш болуп бүжүңдөп Матраимовдун тоюна барат деп. Алмазбек Шаршенович, ал той быйыл эле өткөн жок. Ал тойго быйыл эле төрага же депутаттардын тобу барып калган жок. Сиз архивге айланып карап коюңуз. Сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, советнигиңиз ошол тойдо жүргөн. Сиздин убагыңызда премьер-министр ошол тойдо жүргөн. Ошол убакта сизге жакын депутаттар ошол тойдо жүргөн.
Алар да ошол элди сыйлап, элге кызмат кылган үй-бүлөнү сыйлап, ошол тойдо жакшы сөздөрүн айтты. Бүгүн биз барып койсок “чимкирик депутаттар”, “бөжөңдөп төрага жүрөт” дейт. Ошол Кара-Суу элинин артынан, Матраимовдордун артынан сиз партияңыз үчүн 40 миң, 50 миң деген добуш албадыңызбы! 100 миң деген добуш албадыңызбы убагында партияңызга! Өзүңүздүн президенттик шайлоого добуш албадыңызбы! Анда кана ал чындык?! Эмне үчүн анда айткан жоксуз Алмазбек Шаршенович?!
Булак: "Жаңы Ордо"