www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн айда Алтынбек Сулайманов Украина президенти Владимир Зеленскийдин ийгиликтерин көрүп, эргүү менен мактаган. А биздин бийликти бир ордунан жыла албаган зыянкеч сыңарындай баалаган эле. "Бир Бол" фракциясы коалиция курамында экенин унутуп койгон окшойт. Өкмөттүн сабатсыздыгына, иш билбей атканына өзү да жоопкер эмеспи. Ошентип "оюн салгыча" жогору жактан "гайкасын" бурап койгонбу, айтор, андай "тентектик" кылган постторду жазбай калган.

Кызыгы ошол өткөн катасын оңдоо үчүнбү, же алдын ала жагынууга өткөнбү, сыягы, Атамбаевдин 8-июндагы митингде сүйлөгөн сөзүнө эки күн мурун акаарат келтирип, эби-сыны жок асылганга үлгүрүптүр. "Эки-жүздүү Атамбаев экс-президент статусун көтөрө албай жатат" деп пост жазыптыр эй! Башта эр жүрөк болуп, эл астында сын айтып жүрсө бир жөн. АША бийликте кезинде "кыңк" эте албай, астында баш ийкеп, кошомат кылып отурганы жалганбы? Эми түштөн кийин акыл үйрөтүп, сөздүн омуроосуна салып, кыр көрсөткөндү ким коюптур? Же "Форумдагы" митингде Сулаймановдун дарегине сөз айтылса бир жөн, териге турган. Муну эч ким эстеген жок да.

Бул тек гана таштын жаракасынан чыга калгандай болуп, чалажан арстандын үстүнө чыгып ойногон келемиштин образын берип аткан жокпу? Жаза берсек, ыңгайсыз суроолор арбын дечи. Эң өкүнүчтүүсү, Алтынбек мырза аягында "ушундай кырдаалда Сооронбай Шариповичтин сабырдуулугуна дагы бир жолу баа бердим. Өлкө башчыбыздын коррупция менен күрөшүнө баарыбыз колубуздан келишинче жардам беришибиз керек!" деп посттун бүтүрөт. Баракелде! Бир ай мурун бийликти сындап, "куда", "бажа" деп тергеп атпады беле? Ушунча да 180 градуска бурулабы? Атамбаевди "эки жүздүү" деп коюп, өзү андан ашып кетти го? 

Ток этери, реалдуу саясий турмушта президент Жээнбеков дал ушундай ойт бермелерден сак болуп, жанына жуутпай алыс кармаса деген кеңеш айтабыз. Үзөңгүдөн бут тайыганда мындай эргул адатынча "эски оорусун" карматып, далыга бычак сайып кетпейби? Учурда "жогору жакка жагынам" деп Атамбаевди баары эле сындай алат. Эр болсо убагында сын-пикир жазбайт беле? Дал ошол өткөн бийлик тушунда Сулаймановдун жана жакындарынын бизнеси гүлдөгөнү калппы? Эл баарын карап турат. Ушунчалык эки жүздүүлүк менен урмат таппайт да, туурабы? Көргөндөр көчүгү менен күлүп атышат. Чын эле дени карды сообу, мээсине доо кеткен эмеспи?..

Булак: "АЗИЯnews"
 

Последние новости