www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 8-июнь күнү өзүнө таандык болгон “Форумдун” алдында митинг өткөрүп, парламент депутаттарын дагы бир жолу “чимкирик” деп атады. Мурунку президент азыр “чимкирик” деп атап жаткандарды өзү көз салып, парламент босогосун аттатканын эске алганда, “чимкириктердин” атасы өзү болуп калат да. “Чимкириктер” бул жолу катуу чычалап, мурунку атасына катуу жооп кылышты. Ким эмне деп сүйлөгөнү тууралуу кыскача берип турабыз.
— …“Мультимиллионер болчумун” дейт эки сөзүнүн биринде эле. Мультимиллионер болсо 2010-жылы биздин кесиптешибизден 700–800 миң сом карызга алып, эмнеге шайлоого катышат? 2011-жылы башка кесиптешибизден президенттик шайлоого 500 миң доллар алды деп жалпы элибизге маалымат тарады. Кийин кайтып бергенин өзү да, кесиптешибиз да айтып жүрөт. Чын эле мультимиллионер болсо, башкалардан карыз алып эмне кажети бар? Бул эки мисалдан тышкары дагы 10 чакты ири кыргыздын ишкерлери бүгүнкү күндө айла жоктуктан, бизди мажбурлагандан каржылаганбыз деп маалымат бергенге даяр…
Булак: "Жаңы Ордо"