www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жөн эле толкунбу же Посейдон өзү адамдарга көрүндүбү? -, туңгуюкка салган мындай суроо көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда.
Таштарга урунган алп толкун, алыстан эле байыркы грек мифологиясындагы деңиздер менен океандардын ээси Посейдондун силуэтин чагылдыраарын — сүрөттү көргөн адамдар жазып чыккан.
Деңиз толкунунан жаралган сөлөкөттү фотограф Матье Риврин сүрөткө тартып алууга үлгүргөн.
Сүрөт Франциянын түндүк-батышындагы Бриттани аймагында катуу шамал жүрүп турган маалда тартылган.
Матье Риврин, француз сүрөтчүсү:
«Жамгыр жаап жатты, кеч киргендиктен, жарык начар болчу. Шамалда ойногон толкундарга алыстан назар салып турдум. Алардын бири башкаларга караганда жогору көтөрүлүп кетти. Саналуу секунда ичинде укмуштуудай көрүнүшкө күбө болуп, аны тартып алууга үлгүрдүм».
Фотокадрда — сакалы жана таажысы даана айырмаланган, каардуу абышканын элесин көрүүгө болот. Мындай көрүнүштү сүрөткө түшүрүп калуу фотограф Матье Ривриндин иш тажрыйбасында профессионалдык ийгиликти жаратты.
Ошол эле күнү кечинде ондогон фотографтар жээкти бойлоп басышкан. Бирок, алардын бирөөсү гана элементтердин бардык мүмкүнчүлүгүн жана жаратылыштын күчүн чагылдырган сүрөттү тартканга жетишти.
Сүрөт интернетке жарыялангандан кийин дароо элге бат тарап, аны дүйнө жүзү боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары көчүрүп, жарыялай баштаган.
Булак: NazarNews.kg