www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда басылып чыккан китептердин 60тан 70 пайызга чейинкисин диний адабияттар түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында депутат Салтанат Аманова билдирди.
Ал мындай адабияттардын мазмунун кылдат карап чыгуу зарылдыгын баса белгиледи. Депутат "Бул басылмалар салттуу исламдын принциптерине туура келеби же аларда деталдуу изилдөөнү талап кылган башка маалыматтар барбы?", - деп сурады
Салтанат Аманова улуттук басмакананын ролун жандандырууга жана күчөтүүгө убакыт келгенин белгиледи.
"Учурда бардык басмаканалар жеке менчик. Басмаканалардын ишин көзөмөлдөй турган улуттук басмакананы түзүү зарылдыгы бар", - деди Салтанат Аманова
Жыйынтыгында депутат тиешелүү комитеттеги кесиптештерин китеп басып чыгаруудагы кырдаалды өз көзү менен көрүү жана тармактагы иштердин абалын баалоо үчүн Китеп палатасына барууга чакырды.