www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мага кайрылуу келди. Жакында “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын пенсияны жеткирүү кызмат акысы кыскартылыптыр. Демек, анда иштеген адамдар эмгек акы алышы кыйындайт. Алардын маянасы ансыз деле аз – 4 миң сом. Эмне, эми мамлекеттик ишкананы банкрот кылганы жатасыңарбы?.." 

Депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңеште бүгүн, 4-декабрда «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда ушундай собол салды.

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын кызмат акысы 0,1 пайызга кыскартылганын моюнга алды.

- Азыр анын кызмат акысы 0,1 пайызга азайтылды. Андан ишкана анчалык деле жабыр тартпайт. Үнөмдөлгөн каражат пенсияларды көбөйтүүгө жумшалат. “Кыргызпочтасынын” кызмат көрсөтүү акысы банктарга караганда кымбат, бирок ал мамлекеттик ишкана болгондуктан, көп жылдан бери колдоп келебиз. Азыр анда иштегендердин маянасы 4 миң сом эмес, 7 миң сом, - деди ал.

Андан тышкары, азыркы учурда пенсия негизинен накталай акчасыз банктар аркылуу которулуп, алыскы аймактарда “Кыргызпочтасы” аркылуу берилип жатканы белгилүү болду.

- Биздин башкы милдет кардарлар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү болуп саналат. Банктар пенсионерлердин 54 пайызын тейлейт, бирок алар алыскы аймактарды тейлей албайт, ошондон улам азырынча “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын жардамына муктажбыз, - деп кошумчалады Соцфонд башчысы.

Депутат азыр "Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасын атайылап банкротко учуратуу менен, аны акционерлештирип, жетекчилигине өз адамын алып келүү аракети жасалып жатканын баса белгиледи.

- Ал кызматка кимдин кайсы бажасы келээрин деле билебиз. Ишкананын кызмат акысын кыскартуу чарасы деле ошого байланышып турат. Ага кошул, ишканадан 1400 адам кыскартылып жатыптыр. Ошондуктан, мамлекеттик ири ишкананы банкрот кылгандан көрө, сактап калуу чараларын көрүү керек, - деп бакылдаган Момбеков андан аркысын ачыктаган жок.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстанда 675 миңден ашуун пенсионер бар. Пенсия өлчөмүнүн ырааттуу өсүшү үчүн 1 пенсонерге 3 иштеген адам туура келиши керек, бирок азыркы учурда 1 пенсионерге 1 иштеген адам да туура келбейт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости