www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз мектептеринин биринде, мектеп директору отургучтарды, темир алуучу жайга сатып жиберген. Ал эми окуучулар туруп алып тамактанууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга, аталган мектепте окууган окуучунун ата-энеси камерага тартып видеосун жөнөткөн.
Маалыматка караганда, окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу М. Юсупова атындагы мектепте катталган. Анда мектеп директору темир отургучтарды темир өткөрүүчү жайга сатып жиберген.
Мындан тышкары, мектептин ашпозчусунун айлыгын көтөрүп берерин айтып, окуучуларды 50 сомдон чогултуп берүүсүн талап кылып жаткан. Бул маалыматты окуучулардын да ата-энелерида ырасташкан.
Ал эми аталган мектептин директору бул маалыматты четке кагып, отургучтар эскиргенин айткан.
“Эски, кытайдан келген отургучтар болчу, алар сынып калган. Отургучтарды сатып жиберген делген маалымат бул жалган. Мен айыл өкмөткө кайрылдым, алар ушул жуманын аягында жаңы отургучтарды алып келип беришет", - дейт директор.

Кабарчы “отургучтардын баардыгы бир убакта сынып калдыбы”- деген суроо берилгенде, мектеп директору так маалымат берген эмес.
Бир топ убак өткөндөн кийин, тагыраагы ал маалымат бергенден, 1 саат өткөндөн кийин, азыркы учурда ашканада окуучулар отура турчу отургучтар бар экенин жазып, далил ирээтинде сүрөт кетирген.
Булак: NazarNews.kg