www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова  "Сот экспертизалар бар болгонуна карабай 13 жашар кызды зордуктаганга шектелген адамды актап жиберди" деп билдирди.

"Апта башында эле Балдарды коргоо күнүн белгилеп, бардыгыбыз балдарыбызды куттуктаганбыз. Бирок бүгүнкү күндө 13 жашар кыздын энеси кайрылды. Судья 13 жашар кыздын жашоосуна чоң таасирин тийгизди. Соода борборунда кичинекей кыз ажаатканага кетсе, ал жерден зордукталган. Бул боюнча экспертизалар бар болгонуна карабастан зордуктоого шектелген жаранды актап, эркиндикке чыгарып коюшту. Мындай болбош керек. Ушундай сотторго нааразымын. Бул ишти Жогорку Сотто калыс карап берүүсүн суранам", - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости