www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын кол салуусунан жапа чеккен баткендиктерге жардам берилбей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Ажыбаев билдирди.

Анын айтымында, куралдуу жаңжалда каза болгон аскер кызматкери Алишер Набиевдин үй-бүлөсү Бишкекке көчүп келишкен.

«Каза болгон Алишер Набиевдин үй-бүлөсү эки күн мурун Бишкекке келип, жашаганга жер таппай турушат. Көңүл бургула, министрлер кабинетинин мүчөлөрү баарына жардам берип жатканын айтышты. Бирок баатырларча курман болгон жарандын үй-бүлөсүнө жардам берилбей жатат», - деди ал.

Депутат Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө үйлөр күйүп кеткенин кошумчалады.

Эске салсак, 16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. Натыйжада Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылган. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондоруна караштуу 7 айылдын, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон.

Тажикстандын кол салуусунан 206 жаран жабыркап, 63 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости