www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Калыйбек Асылбашевдин сөзү боюнча, телеканалдын кызматкерлери акысыз эмгек өргүүсүнө кетүүгө аргасыз болушкан
Депутаттардын көпчүлүгү (77) «Пирамида» телеканалына кошумча 6 миллион сом бөлүүгө макул деп добуш беришти. Бул маалыматты телеканалдын башкы директору Калыйбек Асылбашев ырастады.
- Чындыгында, 2018-жылы бештин айына чейин Жогорку Кеңеш телеканалга 4 миллион сом бөлүп берди, - деди ал. - Бирок бул акча каналдын андан ары иштеп кетишине жетиштүү болгон жок. Биз депутаттардан дагы 6 миллион сом бөлүп берүүнү сурандык. Бул акчалар кызматкерлердин айлыгын төлөгөнгө кетет. Буга чейин телеканалдын кызматкерлери акысыз эмгек өргүүсүнө кетишкен болчу, анткени телеканал айлык бере албай калган. Ошону менен бирге эле техникаларды да жаңыртыш керек. Жогорку Кеңештин жыйындары HD-форматта көрсөтүлүп жатпайбы. сигналдын сапатын жогорулатуу үчүн кошумча жабдуу сатып алуу керек. Жогорку Кеңештин отурумун алып берүү үчүн жылына 34 миллион сом кетет. Жыйынтыгында депутаттар бизге 6 миллион сом бөлүп берүүгө макул болушту. 77 депутат макул деп добуш берди.
Түшүндүрө кетели, жакында эле «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Жогорку Кеңештин жыйынында парламенттик «Пирамида» телеканалына каржылоо маселесин көтөргөн болчу. Эл өкүлү телеканалдын дагы 6 миллион сурап жаткандыгына нааразы болгон эле. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бул мамлекеттик телеканалды жеке менчикке сатып жиберүүнү сунуш кылды.
Булак: Vesti.kg