www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын мурдагы депутаты Музаффар Исаковдун жана аны менен кошо айыпталган сегиз кишинин иши боюнча соттук жараян бүттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов билдирди.

- Айыпталуучулар акыркы сөзүн айтып бүткөн. Эми соттун өкүм чыгарышы гана калды. Өкүм окулса, соттун чечими беш күндүн ичинде даярдалып, соттолуучуларга берилет. Кийинки отурум соттун өкүмү даяр болгондо болот, - деди ал.

Мамлекеттик айыптоочу Исаковдун үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 12 жылга эркинен ажыратууну жана сот залынан камакка алуу өтүнүчүн келтирген.

Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ага “Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган” деген айып коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости