www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген россиялык белгилүү композитор Игорь Крутой менен кызматташуусун токтоткон жок. Бул туурасында казак басылмалары  "ДимашАли" чыгармачыл борборунун расмий өкүлү Назым Жангазиновага шилтеме кылып билдирди.

Жакында эле социалдык тармактарда белгилүү продюсер менен ырчы кызматташуусун токтотту деген маалыматтар тарап кеткен. Анын кореялык продюссер менен иштеше тургандыгы да айтылган.

"Артисттин продюсерлик ишмердүүлүгү "ДимашАли" чыгармачыл борбору аркылуу ишке ашат. Димаш менен композитор Игорь Крутойдун чыгармачыл жана жылуу мамилеси бар экендигин эске сала кетейин. 2020-жылы Крутойдун компаниясы менен бирге өткөрө турган концерттер график менен өтөт", — деп билдирген Жангазинова.

Белгилей кетсек, 2018-жылы ырчы Крутойдун аккомпанементи менен "Любовь уставших лебедей" аттуу чыгарманы аткарган. Маэстро менен ырчынын дуэтинин премьерасы НТВ телеканалынын программасында "Центральное телевидение" программасында болгон. Кийинчерээк бул композиция менен Кремль сарайынын сахнасына чыккан.

Азыркы учурда россиялык композитор менен казак ырчысынын чыгармачылык кызматташуусу  ысык мамиледе.



 Булак:NazarNews.kg

 

 

Последние новости