www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Казак” кайра камалабы?

 

Ош шаардык соту уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, «Казак» деген каймана аты менен белгилүү Умар Маратовду 17-февралга чейин камакка алды. Сот тиешелүү токтомду 19-январда чыгарганын Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Умар Маратов Оштун мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Раимбековду сабаган деген шек менен 17-январда кармалган.

Милициянын маалыматына караганда, Раимбеков 11-январда Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунда сабалып, жаагы сынып, эриндери жырылып, оор абалда облустук ооруканага түшкөн. Ошондой эле акчасын жана травматикалык тапанчасын тонотуп жибергенине карабай, Райымбеков арыз жазуудан баш тарткан. Бул факт боюнча «Карактоо» беренеси менен иш козголуп, 16-январда эки киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

“Казак” буга чейин бир нече жолу «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери менен соттолуп чыккан. 2019-жылдын октябрь айында 16 жаштагы кызды зордуктоо боюнча шектүү катары кармалган.

2020-жылдын 8-январында Умар Маратов үй камагына чыгарылган. Андан кийин Ош милициясынын айрым кызматкерлери NazarNews.kg маалымат агенттигине Умарды кармап келишсе, кайра-кайра бошотуп жиберген шаардык сотко нааразычылыгын айтышкан эле. Ушул эле маселени Ош шаардык прокурору да көтөрүп, Ош шаардык судьясы Айнура Сулайманованын үстүнөн арыз жазган. Бул маселелер Тартип комиссиясы тарабынан каралып, кийинчерээк Айнура Сулайманова ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн эрте бошотулган. Бул окуя боюнча Айнура Сулайманованын пикирин билүү үчүн байланышсак, ал сүйлөшүүдөн баш тартты.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости