www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) беткап тууралуу мурдагы эрежесин өзгөртүп, коронавирус көп жайылып жаткан аймактарда жана социалдык обочолонуу эрежесин сактоо мүмкүн болбогон жерлерде беткап тагынуу зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Уюм 5-июндагы билдирүүсүндө беткапты вирустун жайылышын алдын- алган ыкмалардын бири деп мүнөздөдү. Ошол эле учурда бетти жаап жүрүү менен гана COVID-19дан толук сактануу мүмкүн эмес экенин эскертти.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму медицина кызматкерлерине, COVID-19га чалдыккандарга жана аларга кам көргөндөргө гана беткап тагынууну сунуштаган. Ошентсе да бир топ өлкөлөр жарандарын эл көп топтолгон жайларда жана коомдук транспорттордо бет кап тагынып жүрүүгө милдеттендирген. ДССУ кеминде үч катмардан турган беткаптар натыйжалуу болоорун кошумчалады.

Декабрь айынан бери дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 6 миллион 700 миңден ашты. Өпкөнү сезгенткен бул илдет дүйнөдө 400 миңдей кишинин өмүрүн алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости