www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-майга карата дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 4 миллион 995 миң 127ге жетти. Анын арасынан 1 миллион 897 миң 533 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 328 миң 79 адам көз жумду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Дүйнөдө коронавирустун жайылуусу боюнча алдыңкы тизмекте турган АКШда 1 миллион 551 миң 102 адам катталды. Андан 294 миң 312 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы, 93 миң 416 адам оорудан каза болду.

Россияда 308 миң 705 адам коронавирус илдети менен катталган. Анын арасынан 85 миң 392 бейтап сакайып, 2 миң 972 адам дүйнө салды.

Коронавирусту жуктургандардын санынын көптүгү боюнча үчүнчү орунга чыккан Бразилияда 291 миң 579 адам коронавирус илдетин жуктурган. Оорудан 116 миң 683 адам айыкса, каза болгондордун саны 18 миң 859га жетти.

Булак: NazarNews.org

Последние новости