www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы «Digital CASA» - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. 

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин берген маалыматына караганда, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр, анын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант болуп саналат. Каражат 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө.

Андан тышкары, «Digital CASA» долбоору 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштай турганы, анын операторлору сынак аркылуу тандалып алына турганы белгилүү болду. Келишим парламентте ратификацияланганга чейин анын техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болууга тийиш. Санариптик маалыматтардын баары дата-борбордо сакталат. Бул долбоор Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу, киреше да алып келет. Анткени, келишимдин талаптарына ылайык, иш жеке менчик компания тарабынан аткарылат деп жазат Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости