www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда 4 балалуу айым өз жанына кастык кылууга аракет жасап, балкондон боюн таштаган. Бул тууралуу aktobetimesка шилтеме жасап, NUR.KZ жазып чыккан.

ММКлардын билдирүүсүнө караганда, окуя Актөбө шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде орун алган.

Күбөлөр 3-кабаттын балконунан секирген келинди байкап калган. Бирок, келин акыркы мүнөттөрдө кайра ойлонуп кетип, кир жаюучу жиптен кармап калган.

Андан соң айым жипке асылып, кайра балконго чыга албай, милиция кызматкерлери жардамга келишкен.  

Коргоо кызматкерлеринин айтуусу боюнча, бул айым зордук-зомбулукка кабылган. Өзүнө кол жумшоого аракет кылган айым менен чогуу дагы башка жеңил жүрүштөгү аялдар тобу 46 жаштагы Галя аттуу “жеңетайга” кызмат кылышат.

Жогорудагы айым, 2004-жылы “жеңетайлыгы” үчүн жоопко тартылган. Учурда “жеңетайдын” колунда 8 келинчек бар.

Балкондон боюн таштаган айымдын айтуусу боюнча, ал кызмат берүүчүсүнөн өзүнө тиешелүү күндүзгү тапкан табышын сураган. Акчасын толук бербегендиктен ызы-чуу чыккан. Көгала кылып сабап салган Галя, айымды батирге камап койгон. Үйдөн чыгуу үчүн айым балкондон секирүүнү ойлогон.

Учурда өз өмүрүнө кастык кылууга чейин жеткирген “жеңетайдын” жумушу текшерилүүдө.

Ал эми келинчек төрт баласы менен коргоого алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости