www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-ноябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин кезектеги жыйынында «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун концепциясы менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Жаманкулов тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-сентябрындагы чечимин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Анда субъектинин макулдугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кагаз түрүндө жазуу жүзүндө же электрондук документ формасында электрондук кол коюлган таризде берилиши керектиги белгиленген.

Талкуунун жүрүшүндө комитет мүчөсү Исхак Масалиев, Жыргалбек Турускулов, Иса Өмүркулов жарандардын биометрикалык маалыматтарын сактоонун коопсуздугуна байланыштуу суроолорду беришти. Мындан сырткары, депутат Курманкул Зулушев бүгүнкү күндө бир дагы мамлекеттик органда республика мыйзамдарын чечмелеп түшүндүрүп берүү укугу жоктугун билдирди. Буга байланыштуу депутат аталган мыйзам долбоорун Конституциялык палатанын өкүлдөрүнүн катышуусунда кайра кароону сунуш кылды.

Жыйынтыгында депутат К.Зулушевдин сунушунун негизинде мыйзам долбоору кайра каралмай болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости